Файл: Курстук иш Темасы Аткарган Группасы Текшерген Бишкек 2023 Мазмуну.docx

ВУЗ: Не указан

Категория: Не указан

Дисциплина: Не указана

Добавлен: 05.12.2023

Просмотров: 128

Скачиваний: 4

ВНИМАНИЕ! Если данный файл нарушает Ваши авторские права, то обязательно сообщите нам.


Мугалимдин иш билгилиги анын бир теманын мазмуну талап кылган өзгөчөлүгүнө, максатына, принциптерине ылайык педагогикалык технологияны тандап, колдоно билүү көндүмү, машыккандыгы аркылуу аныкталат. Мугалимдин дидактикалык-методикалык компетенттүүлүгү анын ишти так аткаруучулук кесипкөйлүгүнө байланыштуу аныкталат. Профессионализм - иш билгиликтин негизин түзөт. Студенттердин пикирине караганда, мугалимдин иш билгилиги анын педагогикалык ишмердүүлүгүнө тиешелүү баалуулуктарды, анын ичинде педагогикалык баалуулуктарды “Мен- профессионалмын” түшүнүгүн, кесиптик ишмердүүлүгүндө жаңылануу компоненттерин өнүктүрүүгө аракеттенүүсү, кесиптик идеалга умтулуусу зарыл.

Бул аныктама аркылуу, мугалимдин окутуу тарбиялоо ишин жүргүзүүдө билим берүүнүн кандай максат, принцип, баалуулук, идеалдарга карап иштетилгенин байкоого болот. Ага жараша иштин өзгөчөлүгү, ийгилиги, мугалимдин кайсы педагогикалык технологияны колдоно алуусу анын дидактикалык-методикалык компоненттүүлүгүн аныктайт. Мугалимдин дидактаклык-методикалык жактан ишбилгилиги кээ бир педагогикалык маселелерди чече билүсүнө байланыштуу бааланышы ыктымал. Негизинен мугалимдин иш билгилиги тууралуу төмөнкүлөрдү айтууга болот: - окутуп жаткан предмети тууралуу терең билимге ээ болуусу, анын тигил же бул окутуу технологиясында камтылган принциптерин, концептуалдык идеясын билиши; - мектепте окутуу-тарбиялоо иштерин уюштуруу болюнча жана предметти окутууда түрдүү методдорду, үйрөтүү жолдорун билип, долбоорлордо колдоно билүү; - окутуу методдорун сабактын темасына карап тандоодо, логикалык ырааттуулуктун сакталышын билүү, ар бир окуучунун жеке мүнөзүнө, айырмачылыгына карап педагогикалык технологияларды тандай алышы; - тигил же бул педтехнологияны колдонууда ага тиешелүү өзгөртүүлөрдү киригизе алышы.

Өлкөбүздө мугалимдин компетенттүүлүгү тууралуу кеңири изилдөө жүргүзүлбөгөнүнөн бул изилдөөнүн зарылдыгын айтууга толук негиз бар. Мугалимдин кесиптик ишбилгилигин жогорулатууда билим өркүндөтүүчү курстардын мааниси өтө зор. Мугалимдин кесиптик иш билгилиги азыр өтө курч маселе болуп жаш муундарды базар экономикасы шарттарында коомго даярдоодо өтө маанилүү, анткени балдардын жашоосунда өзгөрүшү татаал болгон кээ бир сапаттар орун

2.2Мугалимдин кесиптик жана психологиялык компетентүүлүгү жана алардын өнүгүшүнө таасир этүүчү факторлор.
Окутуучулук кесипти тандаган ар бир жаш адам жогорку окуу жайларында ошол мугалимдикке даярдалып жатканда эле, тагыраак айтканда, студент кезинен баштап эле өзүнүн кесиптик компетенттүүлүгүн калыптандыруу процессинен өтө баштайт. Жогорку окуу жайлардын педагогикалык адистик факультеттериндеги окуу пландары бул үчүн максатуу кам көрүп, “Педагогикалык адистикке киришүү”, “Педагогикалык теориялар жана технологиялардын системасы”, ”Билим берүүнүн философиясы жана тарыхы”, “Илимий-педагогикалык изилдөөлөрдүн методологиясы”, Жүрүм-турум этикасы жана мамиле маданияты”, “Тарбия ишинин методикасы”, “Этнопедагогика”, “Тарбия иштеринин методикасы” сыяктуу болочок педагогдун адистик компетенттүүлүгүн калыптандыруучу предметтерди сунуш кылат.

Келечектеги мугалимдин педагогикалык компетенттүүлүгүнүн калыптанышында мындай предметтердин милдеттүү өздөштүрүлүшү негизги фактор болсо да, бул иштеги педагогикалык тажрыйбанын ролу менен мааниси эч нерсе менен алмаштыргыс мааниге ээ. Бул практика же болбосо практикалык көмөк дегендик.

Мугалимдик кесибин белгилүү бир убакыт аралыгында практикалап, өзүнүн адистик компетенттүүлүгүн теориялык жактан да практикалык жактан да тереңдетип отурган студент-практикант ошол өзү педпрактикадан өтүп жаткан мектебинин, регионунун педагогикалык алдыңкы тажрыйбаларына таянбай койбойт. Дегинкиси, педагогикалык практика жанагы дидактиканын илимий принциптеринин маанилүүлөрүнүн бири болгон теория менен практиканын айкалышы дегенине жооп бере турган маанилүү элемент эмеспи.Ошентип, келечектеги мугалимдин педагогикалык компетенттүүлүгүн аныктап алуу үчүн кандай каражаттарды, принциптерди же критерийлерди пайдалануу зарыл экендигин тактап алалы.

Биздин оюбузча ал үчүн төмөнкү прициптерди жетекчиликке алуу зарылдыгы бар: Кесиптик тилектештик же көмөктөшүү принциби. Мектеп босогосун жаңы эле аттаган жаш мугалимге андагы тажрыйбалуу мугалимдер тилектештигин (профессиональная солидарность) билдирип, ар тараптан көмөктөшүүсү зарыл.

Педагогикалык жамааттагы жакшы салттарга аралашкан жаш адис бат эле ошол шартка адаптацияланып, тандап алган кесибинин кыйынчылыктарына караганда, анын кызыктуу кесип экендигине көзү жетип, дилгирленет, шыктанат. Жакшы жамааттын шарапаты шык берет эмеспи. Экинчи жагынан ал жаш адистин профессионалдык компетенттүүлүгүнүн калыптанышына мектептин директору, анын окуу иштери боюнча орун басары (завуч), тарбия иштери боюнча орун басары, методикалык кеңештин жетекчиси, анын мүчөлөрү ар тараптан тажабай көмөктөшүүсү зарыл. Жаш адис алардын тилектештик менен жасаган мамилесине, көмөктөшүүсүнө аябай эле муктаж.



Системалуулук принциби. Тилектештик менен көмөктөшүүдөн башка тартипке көндүрүү, текшерүү жана багыт көрсөтүү деген да түшүнүктөр бар эмеспи. Тартипке көндүрүүнүн, текшерүүнүн жана багыт көрсөтүүнүн буга чейин мектеп практикасында калыптанып калган бири менен бири удаалашпаган бир жолку же эпизоддук таасир этүүлөрдү четтетүү керек. Жаш мугалимдин максаттуу бир багытка жумшалбаган аракеттерин анын жумушка кирген күндөн баштап эле көзөмөлгө алуу максатка ылайык, анын кесиптик компетенттүүлүгү калыптанып бараткан кийинки жылдарда да андай текшерүү, багыт көрсөтүү солгундабашы керек. Андай таасир регулярдуу, циклденген тартипте болсун.

Ар бир цикл мугалимдин адистик жактан жогорулашына ылайыкташтырылып, ар бир этап ошол жаш мугалимдин адистик көндүм-адаттарынын тереңдешине багытталганы оң. Комплекстүүлүк жана ар тараптуулук принциби. Кесиптик тилектештик, көмөктөшүү, тартипке көндүрүү жана багыт көрсөтүү сыяктуу таасир берүү комплекстүү жана ар тараптуу болушу керек, башкача айтканда, алар фрагменталдуу мүнөз күтпөй, мугалимдин компетенциясынын бирдиктүү структурасы: өз предметин терең билиши, окутуп-тарбиялоонун ийкемдүү методикасын таба билиши, туура пландоосу, окуу процессин үзгүлтүксүз, удаалаштыкта алып бара билүүсү сыяктуу адистик ишмердүүлүктүн дээрлик бардык тарабын камтыган аракеттери. Обьективдүүлүк принциби. Жаш мугалимге көрсөтүлгөн кесиптик тилектештик, көмөктөшүү, тартипке көндүрүү жана багыт көрсөтүү аракеттери дифференцияланган критерийлер менен гана жүргүзүлбөстөн, мугалимдин компетенттүүлүгүн баалоонун сандык катышын да эске алууну талап кылат, тагыраак айтканда, анын башкалардан айырмаланган спецификалык өзгөчөлүктөрү, демилгелүүлүгү, жаңы идеяны жаратмандыгы, жаңылыктарды тез, оперативдүү кабыл алуусу, дилгирлиги сыяктуу касиеттери да эсепке алынышы керек. Өнөктөштүк жана айкындуулук принциби. Мектепке жаңы келген жаш адис анын аракеттеринин башкалар тарабынан тынымсыз текшерилип туруунун гана объектиси эмес. Ал өзү да башкаларды баалоо процесстерине катышышы керек. Бул ошол жаш мугалимдин өзүнүн адистик компетенттүүлүгүн жогорулатып турууга шарт түзөт.

Мындай таасир этүү эч качан көзөмөлдөөчү мүнөз күтпөшү керек, тескерисинче, ар бир мугалимдин адистик жактан өсүүсүнө ылайыкташтырылганы жакшы. Мектептин ички резервдерин пайдалануу принциби. Мектептеги окуу процессинин сапатын жогорулатуунун бирден-бир жолу жана негизги фактору – бул андагы мугалимдердин, айрыкча жогорку окуу жайын жаңы эле аяктап, мектепке келген жаш адистердин адистик компетенттүүлүгүн тынымсыз калыптандыруу процессинин жүргүзүлүшү болууга тийиш. Мындай аракеттер көп тармактуу, анан көп деңгээлде болуп, жаш мугалимди адистикке киришүү мезгилинде баалоо, аттестациялоо, адистик ишмердүүлүккө жүргүзүлгөн пландуу мониторингде, адистик жөндөмдүүлүктү жогорулатууда жана өзүн-өзү баалоодо тынымсыз жүргүзүлүп турулушу керек.


Келечектеги мугалим жогорку окуу жайында окуп жүргөндө эле адистик компетенттүүлүгүн калыптандыруу процессинде биз жогоруда санаган адистик преметтердин алкагында мына ушул негизги принциптерди мыктылап өздөштүрүп алганы жакшы. Болочок мугалимдин адистик компетенттүүлүгү Кыргыз Республикасында Жогорку кесиптик билим берүү боюнча мамлекеттик стандарттарында милдеттүү окулуш үчүн көрсөтүлгөн предметтердин циклин кыйшаюусуз өздөштүрүү процессинде калыптанат. Мындан башка, ар бир студент, мугалим өзүнүн кесиптик компетенттүүлүгүн калыптандыруунун, өстүрүүнүн, тереңдетүүнүн үстүндө тынымсыз иштегени талапка ылайык. Ал үчүн ал ар кандай адабияттарды, газета, журналдык макалаларды, илимий адабияттарды такай окуп турганы жакшы. Илимий адабияттар демекчи, жакында эле педагогика илимдери боюнча бир нече кандидаттык, бир доктордук диссертация корголду. Ал доктордук диссертациянын автору С.Калдыбаев, темасы: “Теория и практика педагогических измерений”, мына ушул диссертация аталган маселеге түздөн-түз тиешеси бар изилдөө. Себеби, анда Кыргызстандын педагогикалык процессин, билим берүү системасын бүтүндөй реформалоого, педагогикалык кадрларды даярдоонун милдеттерин кайрадан карап чыгууну, өзүн-өзү кесиптик квалификациясын жогорулатып турууга даяр адистерди даярдоону, билим берүүнүн сапатын өлчөөнүн профессионалдык милдеттерин чечүүнү интеграциялык абалда жакшы караган эмгек болуп калды. Келечектеги педагогдун жеке, профессионалдык касиеттерин калыптандырууда билим берүүнүн учурдагы проблемалары менен тынымсыз аралашуу, жетектөөчүлүк, башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу, педагогикалык баалоонун ички критерийлери менен тааныш болуу сыяктуу даярдыктарды талап кылат. Ошентип, болочок мугалимдин кесиптик компетенттүүлүгү социалдык, жалпы педагогикалык-психологиялык жана предметтик көрсөткүчтөрүнөн түзүлөөрү белгилүү болду.

Мындагы негизги фактор болуп педагогикалык тажрыйбанын ролу менен мааниси турат. Педагогикалык тажрыйба дегенде, баарынан мурда, теориядагы (жогорку окуу жайдан алган билими, илимий адабияттардан алган билим багажы) маалыматты практикада чыгармачылык менен пайдалана билген, өз практикасына жаңылыктарды киргизе билген, белгисиз, бүдөмүк нерселерди тынымсыз ача билген, билим берүү, тарбия процессинин жыйынтыктарын жаңы бийиктикке көтөрө билген кесиптик аракеттерди түшүнүү абзел. Муну аныктоонун негизги үч факторун белгилеп алалы: Биринчиси, педагогикалык ишмердүүлүктөгү жаңычылдык, жеке өзүнүн педагогикалык табылгалары, педагогикалык илимден, билимден керектүү,
пайдалуу нерселерди табуу, аларды пайдалануу. Экинчиси, педагогикалык ишти жакшы, сабаттуу, сапаттуу жүргүзүүнүн үлгүсүн көрсөтүү. Үчүнчүсү, илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын такай пайдалануу же башка тажрыйбаларды, жаңы деп табылган технологияларды билгичтик менен пайдалануу. Педагогикалык алдыңкы тажрыйба педагогикалык проблемаларды чечүүнү шарты, негизи, булагы болушу керек. Ал проблемалар кайсылар болушу мүмкүн? Окуучулардын начар даярдыгы, билим, тарбия процессинин алгылыктуу эместиги, окутуу, тарбиялоо ишинде индивидуалдуу, дифференцияланган мамиленин жоктугу. Мындай проблемаларды четтетүү үчүн мектептин жаңы, жаш мугалими ошол мектепте, региондо жашап, иштеп жаткан педагогикалык тажрыйбага таянат, илимий адабияттардагы теорияга, өзү жыйнаган билимге гана таяна алат.

Ар бир жаш педагог, эгерде ал биздин ишибизди чанып, таштап кетпесе, ал сөзсүз качандыр чебер педагог боло алат, а буга кантип жетишүү керек, бул анын өжөрлөнгөн аракетине жараша гана болот”. Демек, кесиптик компетенттүүлүк теориялык мыкты, терең билимди сиңирүүдөн, гезит-журналдарды тынымсыз окуудан, илимий адабияттар менен такай тааныш болуудан, алдыңкы педагогикалык тажрыйбанын мыкты үлгүлөрүнөн таасирленүүдөн, аны терең өздөштүрүүдөн башка да орус окумуштуусу, улуу педагогу айткан өжөрлөнгөн аракет да керек экен.

Корутунду

Педагогикалык чеберчилик педагогдун жеке сапаттарына, ошондой эле анын билимине жана жөндөмүнө жараша болот. Бардык заманбап изилдөөчүлөр бул балдарга болгон сүйүү мугалимдин маанилүү жеке жана кесиптик өзгөчөлүгү катары каралышы керек экенин белгилеп жатышат, ансыз натыйжалуу педагогикалык иш-аракет мүмкүн эмес. Ошондой эле өзүн-өзү өркүндөтүүнүн, маанилүүлүгүн баса белгилейбиз, анткени мугалим окуганга чейин жашайт, ал окууну токтоткондо, анда мугалим өлөт.

Педагог кесиби ар тараптуу билимди, жан дүйнөсү чексиз марттыкты, балдарга болгон акылман сүйүүнү талап кылат. Азыркы окуучулардын билим деңгээлинин өскөндүгүн эске алуу менен алардын ар түрдүү кызыкчылыктарын эске алуу менен педагог өзү да ар тараптуу өнүгүшү керек: өзүнүн адистиги боюнча гана эмес, саясат, искусство, жалпы маданият жаатында да тарбиялануучулары үчүн адептүүлүктүн бийик үлгүсү, адамдык ар-намыстын жана баалуулуктардын алып жүрүүчүсү болууга тийиш.