Файл: Слг 12 чыл дургузунда Тыва Республикада топозну саны 6,3 катап азайган.docx
ВУЗ: Не указан
Категория: Не указан
Дисциплина: Не указана
Добавлен: 26.10.2023
Просмотров: 126
Скачиваний: 2
ВНИМАНИЕ! Если данный файл нарушает Ваши авторские права, то обязательно сообщите нам.
Бутан, Непал, Монголияда, Кыргызстан, Казахстан, Тажикистан, Бурятия, Тыва, Тоолуу Алтай жана 1980-жылдардын башында алар Якутия жана Түндүк Кавказдын тоолуу райондоруна алынып кетилген.29
Азыркы учурда жер шаарынын бардык материктеринде багылып өстүрүлгөн кадимки бодо малдардан айырмаланып үй топоздору Борбордук Азиянын бийик тоолуу райондоруна ыңгайланышкан өзүнчө өзгөчө чектелген географиялык таралууга ээ.30
С. P. Popescu (1969) билдирүүсү боюнча Румынияда да топозчулук өнүккөн жана топоздордун бодо малдар менен болгон гибриддештирүү жыйынтыктарын да белгилеп кеткен. Jchristopherson жана R. Hudson (1978) Канаданын түндүк райондорунда багылган топоздор жөнүндө маалымат берип кеткен. АКШ өлкөсүндө
да топоздордун экономикалык мүнөздөмөлөрү жана багылуусу жөнүндө D. Miller (1986) өзүнүн ишинде баяндап кеткен.31
«Топоз», тибет аталышынан «як» (үй топозу) келип чыккан деген божомолдоолор бар, жапайы топоздорду Тибетте «беямини», «жугмау-яб» деп аташкан. Бул жаныбарлар Кытай жана Индияда өзгөчө аталыштарга ээ. Монголия жана Алтайда топоздорду «сарлык» деп, жапайы түрүн болсо «буха» дешет.32
Топоздорду үй шартында багуу, үй шартына үйрөтүү Тибет жана Монголияда тээ алыскы убактардан бери жүргүзүлүп келе жатканы менен заманбап Кыргызстандын территориясына XIX кылымда гана келген. Ошондон бери бул уникалдуу жаныбарлар башка айыл-чарба жаныбары үчүн кыйынчылыкты туудурган республикадагы 1,2 млн га ашык бийик тоолуу жайыттарды рационалдуу колдонууга мүмкүнчүлүк берген
жана арзан мал заттарын эт, сүт, жүн тери чийки заттарын өндүрүүнү камсыздаган бийик тоолуу малчылыктын кошумча бир багыты болуп түзүлүп калыптанды.33
Топоздор таралуу региону, экстерьери жана кээ бир өндүрүмдүүлүк көрсөткүчтөрү боюнча шарттуу түрдө төмөнкүдөй экотиптерге бөлүнөт:
Топоздордун биологиялык өзгөчөлүктөрү болуп биринчи иретте, алардын деңиз деңгээлинден 1800-2000 м бийиктиктеги бийик тоолуу аймактардын татаал жаратылыштык-климаттык шарттарына ушуну менен кошо суукка, жетишсиз аба кычкылтеги жана тоют жемине ыңгайлашкандыгы эсептелинет. Алар адам тарабынан болгон эч кандай камкордукка муктаж эмес, кыска өскөн өсүмдүктөр менен азыктанып толук жыл бою короо-сарайларсыз жүрө беришет, бирок ушунусуна карабастан бардык үй жаныбарларындан көрүнүктүү артыкчылыкка ээ.35
Кыргызстанда топозчулук өз алдынча түзүлүп калыптанган, бир канча иштетилбеген, өтө бийиктикте жайгашкан жайыттарды өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн жана Кыргызстандын бийик тоолуу райондорун социалдык-экономикалык
өнүгүүсүн шарттаган рентабилдүү жана перспективдүү багыт болуп саналат. Муну республикада топозчулукту өнүктүрүү боюнча 2002-жылдардан бери жүргүзүлүп келаткан БУУ нун Глобалдуу тоо программалар чегинде жүргүзүлгөн бир катар уюштуруучулук иштери да күбөлөйт.36
Кыргыз Республикасы Борбордук Азиянын топозчулук салттык түрдө өнүккөн региондорунун бири болуп саналат. Өлкөнүн территориясынын 90% ын тоолор ээлегендиги, альптык жана субальптык жайыттардын миллиондон ашык гектары негизги айыл-чарба жаныбарлары үчүн кыйынчылыкты туудурган, бирок топоздор үчүн жыл боюна жеткен негизги тоют базасын түзүшү менен шартталган.37 Кыргызстанда топозчулук менен илимий негизде, зооинженердик, ветеринардык иштерди жүргүзүү жана жакшыртуу жолу менен өткөн жүз жылдыктын
жылдарындан бери аракеттенип келе жатат, бирок бул жерде топоздор көп убакыттардан бери эле, өзгөчө Памир-Алай зоналарында эт, сүт берүүчү жана ташуучу мал катары колдонулуп келген деп эсептелинет.38
Ушул убакыттар бою Кыргызстанда топозчулук ар кандай шарттарга байланыштуу бирдей эмес өнүккөн. Топозчулуктун өнүгүүсүнүн ийгиликтүү периоду болуп республиканын Өкмөтүнүн атайын токтому менен топозчулук бийик тоолуу аймактардагы малчылыктын бир тармагы катары кабыл алынган 1970-80- жылдар эсептелет. Ошол жылдары топоздордун саны максимумга, 78-79 миңге жеткен, малдын кыргыз экотиби толугу менен түзүлгөн жана топоз өстүрүү ареалы республиканын бардык бийик тоолуу аймактарына жайылтылган. 1980-1982- жылдары Балыкчы, Нарын, Каракол жана Ош эт комбинаттары этти көбүнчө колбаса өндүрүшүндө колдонулган жана сезонуна баш саны 9600 дөн 11000 ге чейин болгон
топоздорду кайра иштетишкен.39
1990-жылдары өлкөдө мурдагы коллективдик, кооперативдик, даярдоочу, селекциондук чарба жана уюмдардын менчиктештирүү жолу менен агрардык реформа башталып, башка мал чарбачылыктары менен бирге топозчулук да кыйроого учураган. Жыйынтыгында топоздордун саны 4,5 эсеге азайып кетип, 2000- жылга араң 17 миңди түзгөн.40 Ушуну менен бирге топоздорду өстүрүүнүн системдүү эместиги, ветеринардык жана зооинженердик чаралардын жоктугунан түрдүн майдаланышы, түшүмдүүлүк азайып малдын чыныгы массасы төмөндөп эт өндүрүмдүүлүгүнүн жана эт индустриясы үчүн чийки зат маанилүүлүгүн азайышына алып келген.
Мына ушундай шарттарда, топозчулук багыты жоголуу чегинде турганда
1997-жылы 22-сентябрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №541-токтому
менен «Кыргыз Республикасында 1997-2001 жылдарга карата топозчулукту өндүрүү программасы» кабыл алынган. Бул документте зооветеринардык иштердин жакшыртуу жолдору, эт жана эт азыктарын өндүрүү көлөмүн жогорулатуу, ички жана тышкы рынокко чыгаруу, топоздордун санын орточо 60 миңге жеткирүү пландары каралган. Илимий негиздеги эсептөөлөргө караганда бийик тоолуу жайыттардын аянты 2460 миң га, 547,4 миң т(тоюттук бирдикте) тоюттун дүң запасы, өлкөдө топоздорду 150 миңге чейин, анын 21%ы Ысык-Көл жана 25 % ы Нарын областтарында, өстүрүүүгө (жеткирүүгө) мүмкүн.41
Жогоруда эскертилген областтар Кыргызстандын негизги топозчулук өнүккөн региондору болуп саналат. Калган беш областтын аймактарында өлкөдөгү жалпы топоздордун 10-15%ы гана жашашат.
Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарбалыгы жана кайра иштетүү өндүрүш

-
тибет топоздору – жашоо ареалдары Тибет, Индия жана Пакистандын тоолуу райондору; -
монгол топоздору – Монголия, Бурятия, Тыва жана Хакасияга таралган; -
памир топоздору – Тажикистан, Афганистандын түндүгү жана Кыргызстандын Ош жана Баткен областтарында багылат;
-
кыргыз топоздору – алардын негизги ареалы болуп Кыргызстандын бийик тоолуу түндүк райондору.34
Топоздордун биологиялык өзгөчөлүктөрү болуп биринчи иретте, алардын деңиз деңгээлинден 1800-2000 м бийиктиктеги бийик тоолуу аймактардын татаал жаратылыштык-климаттык шарттарына ушуну менен кошо суукка, жетишсиз аба кычкылтеги жана тоют жемине ыңгайлашкандыгы эсептелинет. Алар адам тарабынан болгон эч кандай камкордукка муктаж эмес, кыска өскөн өсүмдүктөр менен азыктанып толук жыл бою короо-сарайларсыз жүрө беришет, бирок ушунусуна карабастан бардык үй жаныбарларындан көрүнүктүү артыкчылыкка ээ.35
Кыргызстанда топозчулук өз алдынча түзүлүп калыптанган, бир канча иштетилбеген, өтө бийиктикте жайгашкан жайыттарды өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн жана Кыргызстандын бийик тоолуу райондорун социалдык-экономикалык
өнүгүүсүн шарттаган рентабилдүү жана перспективдүү багыт болуп саналат. Муну республикада топозчулукту өнүктүрүү боюнча 2002-жылдардан бери жүргүзүлүп келаткан БУУ нун Глобалдуу тоо программалар чегинде жүргүзүлгөн бир катар уюштуруучулук иштери да күбөлөйт.36
- 1 2 3 4 5
Кыргызстандын мал чарбасындагы топоз өстүрүүнүн орду жана келечеги